Үтрөң содалит кени
Көрүнүш
Үтрөң содалит кени Баткен районунда , Сох кыштагынан 60 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 3800–4000 м бийиктикте. 1992-ж. табылган. Үтрөң жегичтүү сиениттер массивинин эндоконтактасына туура келет. Ал жерде ачык көк содалиттин уя сымал жана жекече кристаллдары байкалат. Содалити бар зонанын узундугу 30–40 м. 1 мдеги содалиттин жыштыгы 3–5 сепкилди түзөт. Содалит майда зергердик буюмдарды жасоого жарамдуу. Запасы эсептелбеген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7