Мазмунга өтүү

Үтүрменов Эмил

Википедия — ачык энциклопедия

Үтүрменов Эмил 1966-жылы 31-августта Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1983-жылы Мичурин атындагы орто мектебин аяктап, Фрунзе шаарындагы Скрябин атындагы Айыл чарба институтуна окууга тапшырат.
  • Институтту ийгиликтүү аяктап келгенден кийин, “Дружба” совхозунда техникалык коопсуздук боюнча инженер болуп эмгек жолун баштайт.
  • 1990-1992-жылдары Казахстандын Семипалатинск облусундагы аскердик бөлүктө, автомобилдик взводдун командири болуп кызмат өтөгөн.
  • Кайтып келгенден кийин, кайра эле “Дружба” совхозунда тех.
  • коопсуздуктун инжери болуп иттттеп калат.
  • 1994-1996-жылдары, Жалал- Абад шаарындагы ИИМдин аскер бөлүгүндө кызмат кылган.
  • 1996-2010-жылдары Жалал-Абаддагы Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин (МЧС) Башкармалыгына которулуп, ар кандай кызматтык баскычтарда эмгектенген.
  • 2011-2014-жылдары ПРООН, ЮНИСЕФ уюмдарында өзгөчө кырдаал боюнча эксперт,
  • 2014-жылдан Жалал-Абаддагы ӨКМ бөлүмүндө башкы адис болуп иштеп келет.
  • Аскердик чини подполковник.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3