Үчсейит чокусу
Көрүнүш
Үч-Сейит чокусу – Фергана тоо тизмегинин эң бийик жери. Чоку анын Үч-Сейит тармагында жайгашкан. Бийиктиги 4905 м. Мөңгүлүү. Чокудан төмөн Кара-Кулжа суусу башталат. Юра мезгилинин конгломерат, гравелит, кумдук тектеринен турат.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004.
- https://en-ph.topographic-map.com/map-gql1nx/Kara-Kulja/?utm_source=chatgpt.com¢er=40.70735%2C74.35359&base=2&zoom=15&popup=40.70703%2C74.35348 . ISBN 9967-14-006-2