Үч-Таш

Википедия дан

Үч-Таш, Керген-Таш — Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев кыштагынан (райондун борбору) 28 км чыгыш тарапта. Тастар-Ата тоосунун түндүк этегиндеги Ү.-Т. деген жерде. Ал жердеги таштардын өз ара жайгашышы жылкынын чидерин кергендеги элести эске салат.

Алардын тушташ жайгашкан эки ташы бири-биринен 11 м, ал эми үчүнчү таш экөөнөн 31 м аралыкта. Элдик уламыш боюнча бул Ү.-Т-ка Манас Аккуланын чидерин кердирткен экен. Бул таштардан ары жакта 20 м аралыкта дагы бир таш төртүнчүсү жатат. Ага Аккуланын чылбырын байлаган деп айтышат.

Үч-Таш "Манас" эпосундагы топоним. Ала-Тоонун күн жүрүш жагына Манас баатыр кырк чоросу менен ууга чыккан жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 288).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4