Үңкүр-таш тоо хрусталы кени
Көрүнүш
Үңкүр-таш тоо хрусталы кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Айгыржал кыштагынын жанында, деңиз деңгээлинен 2200–2400 м бийиктикте. 1966-ж. табылган. Өлчөмү 900350 м болгон хрусталдуу аянт – Чаткал батолитинин түндүк-батыш бөлүгүнө туура келет. Хрусталдуу уянын өлчөмү 0,30,6 м. Тоо хрусталынын кристаллдары идиоморф бүртүктүү, друза сыяктуу. Кристаллдардын узундугу 0,5 смден 9,2 смге чейин жана эни 0,3–3,8 см. Алынган 1350 кг кристаллдардан зергерлик сырьёнун чыгышы 45,6%. Запасы эсептелген эмес.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7