Үңүмө казма
Үңүмө казма, тоо-кен камерасы - узуну кыска, туурасы кең тоо-кен казмасы.
Кандай максатта керектеле тургандыгына жараша Үңүмө казманын өлчөмдөрү, ошондой эле жайгаштыруу жана пайдалануу өзгөчөлүктөрү аныкталат. Ага ылайык Үңүмө казма деп төмөнкүлөрдү атоого болот:
1) шахтанын жабдуулары жана атайын кызматы жайгаштырыла турган казма (жай), мис., жер астындагы электр подстанциясы, насос станциясы, суу чогулткуч, электровоз депосу, диспетчердик жай, медпункт, күтүү казмасы ж. б.;
2) жер астынан кен казуудагы тазартуу казмасы;
3) атайын максаттар үчүн жер астында курулган курулуштар (ГЭСтин жер астындагы залы, метрополитендин вестибюлу ж. б.).
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4