Өгөбаев, Курманбек

Википедия дан

Курманбек Өгөбаев (Ысык-Ата районунун Байконок айылында 1932-жылы 2-ноябрда туулган) - жазуучу, журналист.
1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүрүп,
1959–1979-жж. Кыргыз улуттук телерадиосунда телеоператор,
1979-жылдан радиодо адабий редактор болуп иштеп, “Нуска” берүүлөрүн даярдаган.
1963-жылы алгачкы “Жаздын кызы” аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.
1989-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Э.Хемингуэй, И.Тургенев, П.Паустовскийдин чыгармаларын, Шатуновскийдин “Оңду-солду Америка” китебин, М.Ордубадинин “Калем жана кылыч” романын кыргыз тилине которгон.
К.Өгөбаевдин “Ой ойлоп жашайт талаалалар” публицистикалык чыгармасы “Чүйүбүз – куттуу үйүбүз” конкурсунда алдыңкы орундарды ээлеген.
1992-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жаздын кызы: Аңгемелер.  Ф.: Мектеп, 1963.  72 б.

Дилгирдин окуялары: Повесть, жомок, аңгемелер.  Ф.: Мектеп, 1967.  104 б.

Токойду сагындым: Аңгемелер (тестиер балдар үчүн)  Ф.: Мектеп, 1975. 272 б.

Оюнчуктардын окуясы: Жомок.  Ф.: Мектеп, 1979.  13 б.

Чынынын сыныгы: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1969.

Ак таңдай: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 264 б.

Ыйык нур: Поэма. – Б.: Бийиктик, 2003. –84 б.

Пирпенде: Роман. – Б., 2008. – 474 б.

КОТОРМОЛОРУ

Тургенев И. Жазгы ташкын: Повест. – Ф.: Мектеп, 1974. – 152 б.

Бондарев Ю. Жээк. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 416 б.

Паустовский П. Мещер жери: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп. – 204 б.