Өзбекстандын көз карандысыздык күнү
| Өзбекстандын көз карандысыздык күнү | |
|---|---|
| | |
| Өзбекстандын туусу | |
| Түрү | улуттук |
| Официалдык аты | өзб. O'zbekiston Respublikasi Mustaqilligi kuni |
| Белгилешет | |
| Башталган күнү | 1991-жыл |
| Датасы | 1-сентябрь |
| Майрамдоо | жыл сайын |
| Салты | параддар, концерттер, фейерверктер |
Өзбекстандын көз карандысыздык күнү (өзб. O'zbekiston Respublikasi Mustaqilligi kuni) — Өзбекстанда жыл сайын 1-сентябрда, көз карандысыздыктын жарыяланышын белгилөө үчүн майрамдалуучу майрам[1].
1-сентябрь расмий түрдө Өзбекстанда жумуш эмес күн. Айрым ишканалар үчүн 2 жана 3-сентябрь да жумуш эмес күндөр болуп саналат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1991-жылы СССРдин борбору Москвада август айындагы төңкөрүш ишке ашпа калган. Президент Ислам Каримовдун демилгесинин аркасында Өзбекстан 1991-жылдын 31-августунда көз карандысыздыгын жарыялаган. 1991-жылдын 31-августунда Ташкентте өткөн Өзбек ССРинин Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясында "Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын жарыялоо жөнүндө" токтом жана "Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын негиздери жөнүндө" мыйзам кабыл алынган[2]. Кабыл алынган токтомго ылайык Өзбек ССРинин аталышы Өзбекстан Республикасы деп өзгөртүлгөн[3].
1991-жылдын 31-августунда 1-сентябрь Өзбекстандын Эгемендүүлүк күнү катары белгилене турганы бекитилген.
5-сентябрда президент Ислам Каримовдун жарлыгы менен мурда В.И. Лениндин атындагы Өзбекстандын борбордук аянты Мустакиллик (Эгемендүүлүк) аянты деп кайра аталган[3]. 1992-жылдын 3-июлунда "Өзбекстан Республикасындагы мамлекеттик майрамдар жөнүндө" №669-XII Мамлекеттик мыйзамы кабыл алынып, анда эгемендүүлүк күнүн кошо алганда, майрам күндөрү белгиленген. Бул мыйзамдын негизинде ошол учурда күчүндөгү Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизилген[4].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ РИА. Провозглашение независимости Республики Узбекистан 31 августа 1991 г.
- ↑ Lex.uz. Закон Республики Узбекистан. ОБ ОСНОВАХ ГОСУДАРСТВЕННОЙ НЕЗАВИСИМОСТИ РЕСПУБЛИКИ УЗБЕКИСТАН
- 1 2 Тюриков В., Шагулямов Р. Независимая республика Узбекистан: Памятные события и даты (1991—1996).— Ташкент: Ўзбекистон, 1997. ISBN 5-640-02133-0.
- ↑ Lex.uz. Закон Республики Узбекистан. О ПРАЗДНИЧНЫХ ДНЯХ В РЕСПУБЛИКе УЗБЕКИСТАН