Өзгөн, Аким

Википедия дан
Аким Өзгөн (13.12.1953-27.3.2017).

Аким Өзгөн (Абдулхаким Барпы уулу Өзгөн; англисче Hakim Ozgen, түркчө Abdülhakim Özgön; 13.12.1953 - 27.3.2017) – кыргыздын көрүнүктүү журналисттеринин бири, Түркиянын атуулу. 1989-95-жылдары “Азаттык” үналгысынын директору болгон. “Азамат Алтай” эл аралык коомдук фондунун Азамат Алтай атындагы сыйлыгынын ээси.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдулхаким Барпы уулу Өзгөндүн ата-бабалары Кыргызстандын Алай тоолорунда жашаган. Анын ата-энеси XX кылымдын башында кыргыз коомунун бир кыйла өкүлдөрү баштан кечирген бозгундук азап-тозокту көрүп, Өзгөндөн Чыгыш Теңир-Тоого жана андан ары Пакистан жергесине көчүп келишкен. Бул жерде 1953-жылы 13-декабрда перзенттүү болуп, атын Аким коюшкан.
Барпы ата жана башка тууган-туушкандары Пакистандан Түркия жумуриятына келип жайгашып калышкан, бирок азыркыга чейин Пакистанда кала берген туугандары да бар. Алардын айрымдары – айтылуу Жаныбек казынын урпактары жана жакын туугандары.
Ата-энеси Түркияга келген соң, Аким Түркиянын атуулдугун алган. “Өзгөн” деген тегатты алганда, Аким өзүнүн ата-бабасынын жерин өмүр бою таберик кылып эстеп жүрүү үчүн тандаган. Анын агасы Хамид Өзгөн (кыргызча Каамыт Өзгөн) жана бир катар башка тууган-туушкандары да ушул тегатты алып жүрөт.
Түркия Барпынын бүлөсүнө башпаана гана бербестен, билимге, кесипке ээ болуп, атуулдук бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга да шарт түзгөн экинчи атажурт болуп калды.
Аким АКШнын Индиана университетинде журналистика жаатында кыска курсту аяктаган.
Акимдин иниси Аруун Барпы болсо Түркияда университетте бакалавр даражасын алган. Аким өзү да, иниси Аруун да жаш чагында Түркиянын аскеринде маал-маалы менен кызмат өтөгөн.

1980-жылдардан тартып Аким Өзгөн башкеңсеси Германиянын Мүнхен шаарында жайгашкан “Эркин Европа /Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматында (“Азаттык” үналгысында) иштей баштаган.
Бул кызматтын директору Азамат Алтай 1988-жылы ардактуу эс алууга кеткен соң, кыргыз тили так, шыктуу Аким Өзгөн ордуна “Азаттык” үналгысынын жетекчиси болуп дайындалган.
Дал ошол доор – Кыргызстанда Кайра куруулар доорунун күрдөөл кезеңи болчу.
Аким Өзгөн деректир болуп турган чагында (1989-95), “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын тиешелүү тилдердеги кызматтарынын (редакцияларынын) жетекчилеринин ичинен ал 1989-жылы жай мезгилинин соңунда – август айында алгачкы болуп өз тарыхый мекенине – Кыргызстанга расмий сапар менен келген.
Аким Өзгөндүн алгачкы ирет Ала-Тоого келишинин максаты - 1989-жылы август-сентябрда демократ акын Токтогул Сатылган уулунун 125 жылдык торколуу тоюна катышуу эле. Аким Өзгөн мырзанын Советтер Биримдигине алгачкы жолу расмий сапарга аттануу үчүн виза алышына СССРдин Президенти М.С.Горбачёвдун кеңешчиси, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ролу чоң болгон.
Аким Өзгөндү Кыргызстан Компартиясынын Биринчи катчысы Абсамат Масалиев кабыл алган.
Аким Өзгөн 1990-жылдан тартып кыргызстандыктарды кабарчы катары “Азаттыкка” тартуу ишин баштады.
Т.Чоротегин жазгандай, ошентип, “Азаттык” үналгысы жалпы “Эркин Европа/Азаттык” үналгысы боюнча СССР кулай элек кезде өзүнө жергиликтүү кабарчы таба алган алгачкы кызмат (редакция) болуп калды.

Бул – кыргыз тилинде берүү уюштурган “Азаттыкка” гана упай алып келбестен, аны менен ачык кызматташууга дааган инсан чыккан кыргыз совет коомун да мактоого арзытат.
“Азаттыктын” Кыргызстандагы алгачкы тыш кабарчысы – белгилүү түрколог окумуштуу, топонимист, тилчи Кадыралы Коңкобаев эле. Ал 1990-жылы жана 1991-жылдын март айынын акырына чейин “Азаттыктын” туңгуч кабарчысы катары иштеди.
1991-жылы мартта К.Конкобаев Түркияга орток түрк сөздүгүн түзүү жаатындагы илимий сапарга кетип жатканда, ордуна Т.Чоротегинди сунуштаган. Аким Өзгөн 1991-жылдын апрелинен тартып Т.Чоротегинди “Азаттыктын” экинчи кабарчысы катары кызматка алды.
Аким Өзгөн 1992-жылдан тартып “Азаттыктын” берүүлөрүн Кыргызстанда орто толкунда жана башка жыштыктарда обого чыгарууга, “Азаттыктын” Бишкектеги бюросун ачууга жетишкен.
Ал 1995-жылдан тартып Мүнхенден Түркияга көчүп, андан бери ар кыл шаарларда жеке ишкер катары эмгектенди.
Ал Түркиядагы Стамбул, Измир, Анкара сыяктуу шаарларда иш алып барды.
2003-2010-жылдары “Азаттыкка” маал-маалы менен кабар да жиберип турду.
Соңку жылдары ал узакка созулган оорудан жапа чегип келген.
Аким Өзгөн Түркиянын Мугла шаарындагы Сыткы Кочман университетинин Билим берүү жана изилдөө ооруканасында (Muğla Sıtkı Koçman Üniversitesi Eğitim ve Araştırma Hastanesi) 2017-жылы 27-мартка караган түнү, саат 02:00де каза болду. Ошол эле күнү анын сөөгүн Даламан шаарына алып келишкен.
Маркумдун сөөгү шейшембиде, 2017-жылдын 28-мартында Түркиянын Даламан шаарында жерге берилди.

Аким Өзгөндүн кыргыз журналистикасына салымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аким Өзгөн Кыргызстандагы маалымат эркиндигин камсыз кылууда бараандуу салым кошкон журналист жана атуул катары бааланып келет.

Аким Өзгөндүн айрым замандаштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аким Өзгөндү жогору баалаган улуу замандаштары – Түгөлбай Сыдыкбеков, Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу, Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, Казат Акматов, Омор Султанов, Кеңеш Жусупов, Абсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов, Тилектеш Ишемкулов, Амантур Акматалиев, Калыгул Жусупов, ж.б. болгон.

Чыңгыз Айтматов Аким Өзгөндүн Мүнхендеги үйүндө ошол Кайра куруулар доорунда конокто болгон. Чыңгыз Айтматов Акимдин эки уулуна Нойон, Айкут деп ат койгон. Кенже уулуна Аким Өзгөн өзү бир байкесинин атына уйкаш болсун деп Эркут ысымын берген.
Аким Өзгөндү жакындан тааныган теңтуш жана кичүү замандаштарынын арасында Акбар Рыскулов, Түгөлбай Казаков, Кадыралы Конкобаев, Кубанычбек Идинов, Нарын Айып, Чыныбай Турсунбеков, Тынчтыкбек Чоротегин, ж.б. эле.

Аким Өзгөндүн үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аким Өзгөн эки ирет үйлөнгөн. Биринчи жубайы – түркмөн тегиндеги айым болгон. Андан эки уулдуу болгон (Нойон, Айкут).
Кийинки жубайы – Ала-Тоодон, кара-суулук Гүлпери Акматжан кызы Төрөева. Аким Өзгөн андан көкүрөк күчүгү – Эркут деген уулдуу болгон.
Аким Өзгөндүн агаларынын бири - Хамид Өзгөн пост-советтик Кыргызстанга келип, Бишкекте ишкердик менен алектенген алгачкы ишкерлерден болгон.

Аким Өзгөндүн сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2013-жылы 8-июнда Аким Өзгөн Кыргызстандагы сөз эркиндигин чыңдоого кошкон салымы үчүн “Азамат Алтай” эл аралык коомдук фондунун Азамат Алтай атындагы сыйлыгына татыган.

Аким Өзгөндүн айрым макалалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал тууралуу адабият жана макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (ISBN 9967-00-001-5). – 160 б.
  • Азамат Алтай (1920-2006): Азаттык менен демократиянын жарчысы: (Азамат Алтайдын 90 жылдыгына арналган жыйнак) / Башкы редактору, кириш сөзүнүн автору Т.К.Чоротегин. Эскерүүлөрдүн редакторлору: В.Сагындык кызы Жуматаева, С.Жумагулов, К.Чекиров, Т.Чоротегин. Рецензент А.Капай уулу Койчиев. – Бишкек: Интерполиграф, 2010. – 320 бет, сүрөттөр. - ISBN 978-9967-26-039-9.
  • Аким Өзгөн: Кыргызстандын карызга батып баратканы... аянычтуу (А.Азам уулу. 10.11.2003)

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]