Өзгөрмө массалуу нерселердин механикасы
Өзгөрмө массалуу нерселердин механикасы – массасы кыймыл учурунда үзгүлтүксүз өзгөрүүчү нерселердин кыймылын изилдөөчү теориялык механиканын бөлүгү.
Бул багытка негиз салуучулар И.В.Мещерский менен К.Э.Циолковский. Бул изилдөөлөр авиацияда жана астрономияда кеңири колдонулат. Кыймыл учурунда нерсенин массасынын өзгөрүшү нерседен заттын бөлүнүшү же кошулушу аркылуу шартталат. Кошулуу жана массанын процессинин жүрүшүндө азаюусу толук чагылдырылган өзгөрмө массалуу чекиттин кыймылынын негизги вектордук дифференциалдык теңдемесин 1904-ж. И.В.Мещерский чыгарган. Өзгөрмө массалуу нерселердин механикасында эки маселе каралат: масса борборунун траекториясын аныктоо жана масса борборуна карата Өзгөрмө массалуу нерселердин механикасынын кыймылын аныктоо. Реалдуу объектилердин (самолёттордун, ракеталардын) динамикалык турактуулугун, аларды башкарууга боло тургандыгын жана маневрдүүлүгүн изилдөөдө масса борборунун айланасында өзгөрмө массалуу нерсенин кыймылын үйрөнүү өтө маанилүү. Өзгөрмө массалуу нерселердин механикасынын дагы бир маселеси болуп кыймылдын оптималдуу режимин издеп табуу да кирет, б. а. кыймылдын кинематикалык же динамикалык мүнөздө-мөлөрү эң ыңгайлуу боло тургандай нерсенин же чекиттин массасынын өзгөрүү законун аныктайт. Мындай маселени чыгаруунун эң эле натыйжалуу ыкмасы – вариациялык эсептөө. Өзгөрмө массалуу нерселердин механикасы техниканын башка бөлүмдөрүн-дөгү изилдөөлөрдө да колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0