Мазмунга өтүү

Өзгөчө абал мезгилинде кылмыш жасоо

Википедия — ачык энциклопедия

Өзгөчө абал мезгилинде кылмыш жасоо —жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлардын бири. КРде өзгөчө абал табигый кырсык учурунда, конституциялык түзүлүшкө түздөн-түз коркунуч келгенде, зомбулук менен коштолгон жана адам өмүрүнө коркунуч туудурган массалык тополоӊ учурунда, о.э. конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн жагдайларда киргизилиши мүмкүн. Өзгөчө абалды, биринчиден КРдин бүткүл аймагында Жогорку Кеӊештин Мыйзам чыгаруу жыйыны киргизет. экинчиден КР Президенти айрым жерлерде шашылыш чара көрүү максатында киргизе алат. Бул жөнүндө КР Президенти токтоосуз мыйзам чыгаруу жыйынына билдириши керек. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйыны бул сунушту 3 күн ичинде кароого тийиш. Ушундай абалдан пайдаланып кылмыш иштерин жасоо жазык жоопкерчилигин оордотуучу жагдай катары сот тарабынан табылышы мүмкүн. Өзгөчө абалдын мезгилинде кылмыш жасоо ЖКнын 55-статьясында көрсөтүлгөн[1].

  1. Укук:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред.Ү. Асанов; кеӊеш Ч. Арабаев. –Б.:Мамл.тил жана энциклопедия борбору, 2004.-462 б. ISBN 9967-14-019-4