Өзгөчө мыйзам

Википедия дан

Өзгөчө мыйзам — эреже катары, парламент тарабынан жолжобо алкагында кабыл алынуучу мыйзам (кээде квалификациялуу көпчүлүк талап кылынат), бирок башка мыйзамдарга, конституцияга караганда да чоң юридикалык күчкө ээ болот. Өзгөчө мыйзамда кандай гана мыйзам ченемдер болбосун, анын ичинде конституциялык ченемдерге карама-каршы жоболор болушу ыктымал. Ал аларды өзгөртөт же колдонулуусун токтотот. Өзгөчө мыйзамды кабыл алуу жалпы эреже боюнча өкүлчүлүктүү бийлик органынын артыкчылык укугу болуп саналат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7