Өздүк тажрыйба

Википедия дан

Өздүк тажрыйбаинсан үчүн өзүмдүк болуп калган, узак мезгилдүү эс тутумда сакталган ж-а дайыма колдонууга даяр абалда турган информациялар, о. эле инсан өзүнүн жашоосунда ээ болгон билгичтиктер ж-а көндүмдөр.

Окуу-тарбия процессинде окуп үйрөнүүчүнүн өздүк тажрыйбасына таянуу айрыкча маанилүү. Анткени бул учурда, биринчиден, билим баалуулукка айланат, экинчиден, өздүк тажрыйба инсанга билим берүү процессинде жеке мүмкүнчүлүктөрүн толугураак жүзөгө ашырууга шарт түзөт, үчүнчүдөн, окуп үйрөнүүчү өзүнүн өзүнө болгон урматтоону аңдап сезет. Өздүк тажрыйбага таянуу м-н окутууда дидактиканын негизги принциптери, айрыкча, жеткиликтүүлүк, билимдин аң- сезимдүүлүгү ж-а бекемдиги, активдүүлүк принциптери ийгиликтүү жүзөгө ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6