Өзүбеков Эстебес
Өзүбеков Эстебес (1936-ж. т.) - саламаттыкты сактоонун отличниги (1995).
- 1961-ж. Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган 1961-67-ж. Өзгөн районунун Куршаб айылында хирург-терапевт,
- 1967-77-ж. Токтогул районунун Үчтерек айылдык ооруканасында хирург, башкы врачтын орун басары,
- 1977-83-ж. райондук борборлоштурулган ооруканада врач-хирург, хирургия бөлүмүнүн башчысы,
- 1983-95-ж. Толук айылдык ооруканасынын башкы врачы болуп эмгектенген. Кыргыз ССРинин саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак Грамотасы, медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5