Өзүнчө билим (Таалим) алуу

Википедия дан

Өзүнчө билим (Таалим) алуу — окуучунун жеке кызыкчылыгы материалды өз алдынча үйрөнүүгө айкалышып, илим, техника, маданият, саясий турмуш ж. б. боюнча системалуу билим алышы.

Өзүн өзү тарбиялоонуп каражаты, анткени максаттуулукту, тырышчаактыкты, эмгекке берилгендикти ж. б. моралдык сапатты иштеп чыгууга көмөк берет. Кеңири мааниде Өзүнчө билим (Таалим) алуу деп окуучунун үйрөнүп жаткан материал боюнча өз алдынча иштеп, бардык алган билими айтылат.

Өзүнчө билим (Таалим) алуунун негизги түрү — илимий - популярдык, окуу, көркөм, ж. б. адабиятты, прессаны (мезгилдүү басма сөз: газета, журнал ж. б.) үйрөнүүсү. Өзүнчө билим (Таалим) алууга ар кандай жардамчы каражаттарды пайдалануу мүмкүндүгү да кирет. Алар — лекция, доклад, концерт, фоножазуу угуу, адистер консультациясы, спектакль, кинофильм көрүү, музей, галерея, көргөзмө жан башкада болуу, ар кандай практикалык иш жүргүзүү (тажрыйба, эксперимент ж. б.).

Өнүккөн коомдо Өзүнчө билим (Таалим) алуунун башкы багыты окуу жайларында ал­ган билимин өз алдынча тереңдетүү. Өзүнчө билим (Таалим) алуу системасынын нөгизгилери: саясий окуунун ар кандай түрлөрү; элдик университеттер, ар кандай курстар. илимий ийрнмдер ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.