Өзү Туураланма Система

Википедия дан

Өзү Туураланма Система (ав­томат башкарууда) — өзү ылайыктануучу система.

Мында кокусунан өзгөргөн шарттарга ылайыкташуусу тууралоо параметрин автомат түрдө өзгөртүү же оптималдуу тууралоону автомат түрдө издөө менен камсыз кылынат. Өзү Туураланма Система издегичтүү жанa издегичсиз болуп бөлүнөт. Издегич­туу Өзү Туураланма Системада оптималдуу туура­лоону автомат жол менен издөө аркылуу башкаруунун керектуу сапатына жетишилет. Издегичсиз Өзү Туураланма Системанын издегичтүү системадан бир топ артыкчылыгы бар.

Бул системада башкаруу сапатын текшерүү үчүн кандайдыр бир контролдук көрсөткүч (мис., текшерилме параметрдин убакыт боюнча алынган туундусу) пайдаланылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.