Өз Нарк Индекси

Википедия дан

Өз нарк индекси — бир мезгил ичиндеги продукциянын (же аткарылган иштин) өз наркынын жалпы деңгээлинин башка бир мезгилге карата өзгөрүшүнүн салыштырма көрсөткүчү.

Бир турдуу продуктулардын Өз нарк индекси продукция бирдигин өндүрүүгө кеткен ишкана чыгымынын турдуу мезгилиндеги деңгээлинин катышын көрсөтүүчу жөнөкөй салыштырма чен катары эсептелет. Бул аркылуу бир мезгилдеги үнөм же ашык чыгым аныкталат. Өз нарк индекси ички резервдерди табууга жанa натыйжалуулукту жогорулатууга таа­сир тийгизет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.