Өз ара аракеттешүү

Википедия дан

Өз ара аракеттешүү – нерселердин же бөлүкчөлөрдүн кыймылынын абалын өзгөртүүчү бири бирине жасалган аракети.

Өз ара аракеттешүүнүн мүнөздөмөсү болуп потенциалдык энергия эсептелет. Алгачкы ирет Өз ара аракеттешүү көз ирмемде берилет деген түшүнүк болгон. Бирок мындай чындыкка төп келбеген түшүнүк, электр-магниттик талаанын ачылышы изилденгенден кийин төгүнгө чыгарылган. Бөлүкчөлөрдү бөлүп турган мейкиндикте кандайдыр бир процесс жүрөт, ал чектүү ылдамдык менен таралат. Демек, заряддалган бөлүкчөлөрдүн арасында Өз ара аракеттешүүнү камсыз кылган талаа бар. Бул талаа электр-магниттик талаа деп аталат. Заряддалган бөлүкчөнүн башка бөлүкчөлөргө аракет этүүсү, б.а электр-магниттик талаанын таралуу ылдамдыгы, жарыктын боштуктагы ылдамдыгына барабар: с =3⋅103м/сек. Жакындан аракет этүүчү –жаңы концепция иштелип чыкты, бул концепция каалаган Өз ара аракеттешүүлөргө жарактуу, мейкиндикте үзгүлтүксүз бөлүштүрүлгөн ар кандай талаанын жардамы менен ишке ашат. Ал талаа гравитациялык талаа болуп эсептелет. Талаанын квант теориясы түзүлгөндөн кийин (ТКТ), Өз ара аракеттешүү тууралу көзкараш бир канча өзгөрдү. ТКТга ылайык каалаган талаа бөлүкчөлөрдүн жыйындысынан же бул талаанын кванттарынан куралат. Мис., электр-магниттик талаанын кванты – фотондор, б. а. Өз ара аракеттешүүдөгү алып жүрүүчүлөр фотондор болушат. Өз ара аракеттешүүнүн төрт түрү кездешет: гравитациялык Өз ара аракеттешүү, начар Өз ара аракеттешүү (элементардык бөлүкчөлөрдүн көптөгөн айланууларына жана ажыроолоруна тиешелүү), электр-магниттик күчтүн Ө. а. а. (атомдук ядродогу бөлүкчөлөрдүн байланышына тиешелүү, ошондуктан ядролук Өз ара аракеттешүү деп аталат). Өз ара аракеттешүүнүн интенсивдүүлүгү өзүнө тиешелүү константа же байланыш константасы менен аныкталат. Электр-магниттик Өз ара аракеттешүү үчүн байланыш константасы болуп, электр заряды эсептелет. Электр-магниттик Ө. а. а-нүн кванттык теориясы, электр – магниттик кубулуштарды эң жогорку деңгээлде түшүндүрө алат. Начар Өз ара аракеттешүү вектордук бозондор аркылуу ишке ашат. Күчсүз Өз ара аракеттешүү менен электр-магниттик Өз ара аракеттешүүнүн ортосунда терең ички байланыш бар экендиги табылды. Күчтүү Өз ара аракеттешүүнүн негизин адрондор – кванттын курамындагы бөлүкчөлөрү арасындагы Өз ара аракеттешүү түзөт. Бул Өз ара аракеттешүүнүн алып жүрүүчүлөрү болуп глюондор эсептелет, ал Өз ара аракеттешүүнүн константы – түстөр аркылуу аныкталат. Аны квант-тык хромодинамика түшүндүрөт. Азыркы учурда начар, электр-магниттик жана күчтүү Өз ара аракеттешүүлөрдү жана о. эле Өз ара аракеттешүүлөрдүн бардык түрлөрүн бириктирүүгө, «Улуу биригүү» моделин түзүүгө аракет жасалып жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]