Өкмөттүн ортоктош (жамаатык) жоопкерчилиги
Көрүнүш
Өкмөттүн ортоктош (жамаатык) жоопкерчилиги – парламентардык мамлекеттерде колдонулуучу эреже (жазылган же жазылбаган), ал боюнча өкмөт мүчөлөрү (министрлер) алар жүргүзгөн саясат үчүн чогуу жана бирдей жооптуу болушат. Өкмөттүн саясатына макул эмес министр дароо кызматтан кетүүгө тийиш. Парламент тарабынан министрлердин бирине ишеним көрсөтпөө вотуму кабыл алынганда, эреже катары бүтүндөй өкмөттүн кызматтан кетишине алып келет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7