Өкмөттү таануу
Көрүнүш
Өкмөттү таануу – конституциялык эмес жол менен кайрадан түзүлгөн башка өлкөнүн өкмөтүн колдой тургандыгын билдирүү максатында мамлекет тарабынан жүргүзүлүүчү дипломатиялык акты. Ө. т. милдеттүү жолжобо деле эмес, ал мурдатан келаткан дипломатиялык мамилелерди андан ары улантуу менен же мамлекеттин жаңы башчысына жаңы өкмөттү тааный тургандыгы тууралуу ишеним грамотасын тапшыруу менен алмаштырылышы мүмкүн. Социалдык төңкөрүштүн натыйжасында келип чыккан Ө. т. ошол эле учурда жаңы мамлекетти таануу катары да кабылданат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7