Өлчөгүч көпүрө
Өлчөгүч көпүрө – электр чынжырынын пассивдүү параметрлеринин (каршылык, индуктивдүүлүк, сыйымдуулук, диалектрдик жоготуулардын бурчу) чени жана алар менен көзкарандылыкта байланышкан чоңдуктарды салыштыруу ыкмасы боюнча өлчөөчү чынжыр.
Каршылыкты өлчөө төрт ийиндүү көпүрө менен аткарылат, андагы каршылыктары көпүрөнүн ийиндери деп аталат. Бир ийинди өлчөнүүчү каршылык ээлейт. Көпүрөнүн диагоналына ток булагы, ал эми экинчи диагоналына нөл синдикатору коюлган. Ийиндердеги каршылыктардын бирөөнүн чоңдугун өзгөртүү менен индикатордун нөл көрсөтүүсүнө жетүүгө болот. Бир каршылыктын чоңдугун жана калган каршылыктардын катышын билүү менен белгисиз каршылыкты ченөөгө болот. Турактуу токтун көпүрөсүндө бир параметрди өзгөртүү жетиштүү. Өзгөрмө токтун чынжырында активдүү каршылыктан тышкары индуктивдүү жана сыйымдуулук каршылыктары бар. Ошондуктан анда эки параметрди өзгөртөбүз. Өтө кичине каршылыктарды өлчөө үчүн кош көпүрө колдонулат. Азыркы учурда автоматтык өлчөөчү көпүрөлөр пайдаланылат. Мында нөл индикатордун ролун электрондук күчөткүч аткарат. Индуктивдүүлүк, сыйымдуулук Өлчөгүч көпүрөсү бар Өлчөгүч көпүрөгө ГОСТ боюнча стандарттын талаптары коюлган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0