Өлчөгүч магазин

Википедия дан

Өлчөгүч магазин - (электр-техникада) — белгилүү тактыкта, чоңдукта жасалып, атайы алынган электр чоңдуктарынын чендер комплектиси.

Конструкциясы боюнча рычагдуу, штепселдүү, айрылуу жанa кыскычтуу Өлчөгүч магазин болуп айырмаланат. Өлчөгүч магазиндеги чен­дер декадага топтолот. Өлчөгүч магазин декадаларынын саны боюнча бир жанa көп декадалуу болуп бөлүнөт. Жог. тактыктагы Өлчөгүч магазин майда декадалуу, анча так эмес Өлчөгүч магазин чоң декадалуу болуп даярдалат. Өлчөгүч магазин өлчөө схемасындагы чоңдуктарды которууда же жөндөөдө, карагылыктын, сыйымдуулуктун, индукциянын же өз ара индукциянын маанилерин белгилүү тактыкта кайталап өлчөө учүн колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.