Өлчөгүч түзүлүш

Википедия дан

Өлчөгүч түзүлүш - физ. чоңдуктардын параметрлерин өлчөөчү, каттоочу, саноочу тех. каражаттардын комплекси.

Өлчөгүч түзүлүш — өлчөө информ. системасынын бир бөлүгү. Ар кандай Өлчөгүч түзүлүштүн негизин өлчөгүч өзгөрткүч түзөт. Өлчөгүч түзүлүш тике өзгөрүүчү жанa тең салмакташтыруучу болуп айырмаланат. Биринчисинде ченелүүчү чоңдук бир багытка өзгөрүүгө келтирилет, мис., амперметрде ток күчү өзгөртөндө жебе белгилүү бурчка жылат. Экинчисинде ченелүүчү чоңдук баш­ка бирдиктеги чоңдук менен салыштырылат, мис., өлчөгүч көпүрөчө, сандуу вольтметр ж. б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.