Өлчөө каталыгы
Көрүнүш
Өлчөө каталыгы – өлчөнгөн физикалык чоңдуктун маанисинин чыныгы маанисинен четтеши.
Өлчөө каталыгы системалуу, кокус жана одоно болуп айырмаланат. Системалуу каталык өлчөөчү аспаптардын кемчилигинен, ыкмалардын өркүндөтүлбөгөндүгүнөн, экспериментатордун кетирген жеке катасынан пайда болот. Кокус каталыктар куралдын көрсөтүүсүн так жазып албагандыктан, өлчөө шартынын (температура, басым ж. б.) өзгөрүшүнөн келип чыгат. Одоно ката куралдардын бузулушунан, шарттын өзгөрүшүнөн пайда болот. Өлчөөдө жогорку каталыктарды эсепке алуу керек.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0