Өлчөө түзөткүч

Википедия дан

Өлчөө түзөткүч - өзгөрмө токтун же чыңалуунун орто маанисин өлчөгүч прибор.

Өлчөө түзөткүч туруктуу токтун (чыңалуунун) өлчөгүч механизминен жанa приборлордун чыгышындагы ток түзөткүчүнөн турат. Эреже катары Өлчөө түзөткүч токтун күчү же чыцалуунун анык маанилери менен градуировкаланат. Мында өлчөнүүчү ток (чыңалуу) синусоида эмес формада болгондо ката пайда болот. Өлчөө түзөткүчтүн артыкчылыгы — жогорку сезгичтиги, кубаттуулукту аз талап кылганы, жог. жыштыкта колдонууга мүмкүндүгү


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.