Өлөңдөр

Википедия дан
Juncus effusus.

Өлөңдөр (лат. Juncaceae)– өсүмдүктөрдүн бир үлүштүүлөр классындагы тукум. Тамыры сойлоп өсүүчү бир же көп жылдык чөп. Сабагы тик өсөт, көңдөй. Жалбырактары негизинен тамыр моюнчасына чогулган, алар жалпак же түтүкчөдөй. Гүлдөрү 6 жашыл желекчелүү, аталыгы 3 же 6. Үстүңкү бир же 3 уялуу энеликтүү. Мөмөсү – кургак жаңгакча. Кадканчадай, чатырчадай, калемчедей, шыпыргыдай топ гүлү сабактын чокусунда жайгашкан. Жер жүзүндө Ө. т-нун 2000 ашуун түрү мелүүн алкактын бардык областтарында (аймагында) таралган. Кыргызстанда 2 уруунун (өлөң, ситник – Juncus; Кууча, ожика – Jusula) 17 түрү өрөөндөн тартып, бийик тоодогу сазда, нымдуу жерде, суу, булак, көл жээктеринде, шалбаада, мөңгүгө жакын кумайларда, карагай токойдун арасында өсөт. Айрым түрлөрү жыш өсүп, бирөңчөй шиберди пайда кылат. Мал жакшы оттой турган жазгы, кышкы, кеч күздөгү тоют. Кышында кар басып, куурап калган жалбырактарын жылкылар карды тээп салып жакшы жешет.

Ө. т-нун түрлөрү ным жетиштүү болгондуктан, бат өсөт. 100 кг жашыл массасында 5-6 кг протеин, 27-33,8 тоют бирдиги бар. Мурунку кезде кээ бир түрлөрүнөн кагаз жасалчу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]