Өмүралиев, Асанбек
Көрүнүш
(«Өмүралиев, Арсен» барагынан багытталды)
Асанбек (Арсен) Өмүралиев | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Асанбек (Арсен) Өмүралиев |
Туулган жылы: | 1933-жыл |
Туулган жери: | Балыкчы шаары, Ысык-Көл району, Кыргыз ССРи, СССР |
Өлгөн жылы: | 2003-жыл |
Өлгөн жери: | Москва шаары, Россия |
Сөөгү: | Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Кыргыз Республикасы |
Өлкө: | СССР→ Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | театр жана кино артисти |
Наамдары: | [[Кыргыз ССРи]нин эл артисти |
Чыгармачылык активдүүлүгү: | 1957-2003-жылдар |
Театр: | Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры, Бишкек шаардык драма театры |
Өмүралиев Асанбек — театр жана кино артисти.
Кыскача таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1954—57-ж. Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик театр институтунда окуган.
- 1957—89-жылга чейин Кыргызстан мамлекеттик драма театрында иштеген.
- Эмгек сиңирген артисти (1964)
- Кыргыз Республикасынын эл артисти (1977)
- 1989-жылдан Бишкек шаардык драма театрында көркөм жетекчи-директор.
- Ар түрдүү мүнөздөгү ролдорду (драмалык, комедиялык) ойногон таланттуу актёр.
- 1972-жылы Айгүл Өмүралиевага үйлөнгөн.
- 2003-жылы 9-февралда Москва шаарында каза болгон.
Негизги ролдору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ысмайыл (Ч. Айтматов, «Бетме-Бет»)
- Эдмунд, Тибальт (У. Шекспир, «Король Лир», «Ромео менен Жульетта»)
- Чацкий (А. Грибоедов, «Акылдaн азап»)
- Нурдин, Атабаев, Дадый (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт», «Жыгылган оогонго күлөт», «Ашырбай»)
- Чарын (Ш. Садыбакасов, «Ак боз ат») жана башка.
Тартылган кинолору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Муз жүрөк жөнүндө баян»
- «Алыскы тоолордо»
- «Артыбызда Москва»
- «Тянь-Шань кызы»
- «Көчүп жүргөн фронт»
- «Улан» жана башка.
Жасалгаланбоочу тексти бул жерге киргиз
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Советтик Кыргызстан, энциклопедия. Фрунзе,1980-ж.
- Ысык-Көл облусу, энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Асанбек (Арсен) Умуралиев: Биография (орусча)