Өмүралиев Дүйшөн

Википедия дан
Өмүралиев, Дүйшөн‎»‎ барагынан багытталды)

Өмүралиев Дүйшөн (1. 3. 1950-жылы туулган, Балыкчы шаары) архитектор, профессор (1992), Чыгыш өлкөлөрүнүн эл аралык архитектура академиясынын академиги (1993), КР билим берүү отличниги (2001), архитектура доктору (2004). 1975-ж. ФПИни бүткөн. 1975-79-ж. ФПИде окутуучу, 1977-81-ж. Москва архитектура институтунда аспирант, 1981-83-ж. азыркы КМКТАУда окутуучу, 1983-жылдан кафедра башчысы, 1993-97-ж. Кыргыз архитекторлор союзунун төрагасы. 1995-ж. Бишкек шаарынын түштүк четинде курулган «Манас» айылы маданийэтногр. комплексинин башкы архитектору болгон. Ал бир нече эл аралык конкурстардын («Келечектеги турак-жай», Москва, 1985 ж. б.) лауреаты. Өмүралиев 200дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография, 3 окуу китеп жана 4 окуу методикалык курал), «Ак-Өргөө» кичи району, Бишкектеги ислам борбору, «Үркүн саябаны» мемориалдык-маданий комплекси ж. б. көптөгөн долбоорлордун автору. 1990-ж. Москвада өткөн Эл аралык архитектура академиясынын конкурсунда алтын медалга ээ болгон. Медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Современная этноархитектура Кыргызстана. Б., 2003; История градостроительства Кыргызстана. 2003; Парадигма архитектурного пространства (эволюция архитектуры Кыргызстана). Б., 2006; Мейнстрим новейшей архитектуры XXI век. Б., 2012.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]