Өмүралиев, Мамытбек

Википедия дан

Өмүралиев Мамытбек (15.8.1952-ж. т., Ат-Башы айылы) — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1993). 1973-ж. Нарын педагогикалык окуу жайын бүткөн.
1973—77-ж. мугалим болуп эмгектенген. 1977-жылдан М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрда иштейт.
Аткарган негизги ролдору: Бектемир, Борбаш (Т. Абдумомунов, "Ашырбай", "Борбаш"), Банко, Эдмонт, Пестоль (У. Шекспир, "Макбет", "Король Лир", "Виндзордук ойсокелер"), Раскольников (Ф. М. Достоевский "Кылмыш жана жаза"), Базарбай (Ч. Айтматов, "Кыямат"), Күрөңкөй (С. Сарыгулов, "Куудөңгөч"), Мерхоным (Э. бмуракунов, "Жыландар ханышасы"), Шаршен (Ж. Садыков, "Күйөө жолдош"), Эр Табылды, Жакыл, Каманбай (Т. Актанов, "Эр Табылды", "Манастын төрөлүшү", "Күч күйөө"), Кемпир, Ит, Султанаалы (К. Абылов, "Кошок", "Эки ит", "Кооператив"), Начальник (Ж. Абдыкалыков, "Эт комбинаты") жана башка интермедияларды аткарат. "Шайтандын мөөрү" (3. Эралиев) кинотасмасына тартылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.