Өмүралиев Асан Сыдыгалиевич
Өмүралиев Асан Сыдыгалиевич - (30. 9. 1944-жылы туулган, Нарын облусу, Ат-Башы району, Кара-Суу айылы) физика-математика илимдеринин доктору (2008), профессор (2007). КРдин илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2012). КУУну (1969), ошол эле жерде аспирантураны (1972) бүтүргөн. КУУда (1969-76), КАУда (1976-84) окутуучу, ЖОЖдор аралык эсептөөчү борбордун бөлүм башчысы, директордун орун басары (198488), КМУда кафедра башчысы (1988-90), Ысык-Көл мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, проректору (1990-94), КРдин Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын проректору (1994-98), 1998-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессор ЮОдөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 9 окуу китеби жарык көргөн. Эмгектери: Маалыматтар технологиясы. Б., 2002; Берилиштер түзүмү жана СИ+ +. Б., 2010; Компьютер жана интернет (авторлош). Б., 2004.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7