Мазмунга өтүү

Өмүрзакова Мөөркан

Википедия — ачык энциклопедия

Өмүрзакова Мөөркан Оймочу. 1940-ж. Ат-Башы районундагы АчаКайынды айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Апасы Бүбүштүн уздук таасирин алган. Айылдашы Жаңылкан экөө өнөктөш узданат. Кыргызстан Эл чеберлер союзунун Башкармасынын мүчөсү. Ал өзүнүн чеберчилигинде негиз туткан бир табакчадагы «жагалмай канат оюмунун» үстүнөн «ачкыч оюму» берилгенде ичинен «мүйүз оюму» пайда болуп, ар бирин араа тиш (бычак учунун тиш-тиш көрүнүшү, муну уздар кийинчерээк жаратууда) бөлүп, ап ак-карадан берилүүдө. Мөөркандын «капкан оюмунун» туундусунда төрт бурчунан төрт «карга тырмак оюму» чыгат да, анын ичинен өз ара тирелишкен «жагалмай канат оюму» жаралып, алардын «колтук оюмдары» «жагалмай канат оюмунун» «жээк оюму» үчүн асты-үстүнөн «карга тырмак оюму» шайкештенет. Түр шырдактарынын башкача жасалышында «куш оюмду»негиз тутуп, асты-үстүнөн «карга тырмак оюму» менен бир табакчаны жаратат. Уз кийиз буюмдарында «гүл оюмун» көбүрөөк алат да, стилдештирип буюм-тайым кармайт. Төрт «гүл оюмунун» ортосунан төрт «ача оюм» чыкса, оюм өзөгү байчечекей болуп көрүнөт. Ал түстөрдү тандоого байланышат. Көбүнчө кызылды сыя көк менен алат. Анда милтеси жашыл, кызыл-жашыл болсо милтесин сарыдан жүргүзөт. Мөөркан - түр шырдак жасоонун чыгаан чебери. Анысы көбүнчө керегеге тартууга шартташат. Уз ала кийизди кара кылчык жүндөн катуу уютуп, бетине көркөм оюм түшүрөт. Буюмдун ортолугунун эки башына «куш оюмдун» алдынан «мүйүз оюму» аркылуу «жүрөкчө оюму» жаралып, эки табакчадан чакан үлгү жаралат. Ала кийиздери живописттик көрүнүшкө эгедер. Кыздары Дамира, Замира, келини Гүлжан анын ишенимдүү шакирттери. Эмгеги баттамада.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Шырдагы үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1987 ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук II фестивалы». Шырдагы үчүн лауреаттык диплом; 1989-ж. Эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук III фестивалына карата «Элдик чеберлердин республикалык көргөзмө кароо сынагы». Кийиз үлгүлөрү үчүн Кыргыз ССР Маданият министрлигинин I даражадагы диплому (ошол эле учурда чий бугомуна өзүнчө III даражадагы диплом ыйгарылган).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0