Өмүрзакова Фарида
Көрүнүш
Өмүрзакова Фарида 1968-жылы 20-апрелде Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.
- 1985-жылы А.С.Макаренко атындагы орто мектебин, ошуну менен катар Октябрь балдар музыкалык мектебинин 5 жылдык комузклассын,
- 1989-жылыФрунзешаарындагыМуратаалы Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайынын кыяк аспабы боюнча адистигин,
- 2000-жылы Ош Мамлекеттик Университетининмузыкалыкбилимберүүадистигин,
- 2010-жылы Кыргыз Улуттук Консерваториянын музыкалык билим берүү адистигин аяктаган.
- Эмгек жолун 1989-жылы Октябрь музыкалык мектебинде мугалим болуп иштеп баштаган.
- 1990-1992-жылдары Сузак районуна караштуу Ак-Тоок айылындагы мектепте музыка боюнча мугалим,
- 1993-2005-жылдары Б.Алыкулов атындагы Жалал-Абад Маданият техникумунда комуз, кыяк боюнча мугалим, ошону менен катар Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад областтык филармониянын негизделип түптөлүшүнө биринчилерден болуп салымын кошуп, “Миң-Кыял” оркестринде комузчу, кыякчы, ырчы,
- 2005-2010-жылдары Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Филармониянын “Ак-Марал” бийчилер ансамблинин оркестринде комузчу,
- 2006-жылдан бери Бишкек шаардык Мэриясына караштуу “Доор” фольклордук ансамблинде солист, комузу катары эмгектенет.
- 1996-жылы “Билим берүүнүн отличниги” 2007-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси, ардак грамоталар жана башка сыйлыктар менен сыйланган.
- 2010-жылы “Доор” ансаблинин курамында Европа мамлекеттерин 2 ай, 2015-жылы Түркия мамлекетинин шаарларына концерт берип келген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3