Өмүрзак уулу Кудайберген (Куйручук)

Википедия дан

Өмүрзак уулу Кудайберген (Куйручук) (1866–1941) 1866-жылы 29-мартта Жумгалдын Багышан (азыркы Куйручук) айылында туулган. Кудайберген көзү ачык олуя, “Манасчы”, “Семетейчи”, акын, жомокчу, куудул, ырчы, чечен болгон.

“Кара жаак” атанган кадимки Калмырза, оргу-баргы ырдаганы менен омоктуу ырчы Найманбай, Анжияндык чоң ырчы Ысакан менен айтышып жеңишке ээ болушу, керек жерде эл алдында токтолбостон төгүп ырдап жиберүү өзгөчөлүгү Куйручукта ырчылык ышкы да чоң болгондугун айкын далилдейт.

Өзү жөнүндөгү 1938-жылкы таржымалында :”“Манасты” 19 жашымдан үйрөнүп, ушул убакка чейин айтып келе жатамын, акындыгым бар”-деп жаздырган. Көбүнчө Байзак ажыны коштоп жүрүп, анын терс жактарын да бетине айтуудан тартынбаган. Анын “Бейиштеги үн”, “Арбак”, “Айып кимде”, “Жалаа”, “Манасым барда кайда болсо коном” ж.б.жоруктары эл арасында кеңири белгилүү.

Кыргыздын оозеки чыгармаларын, улама сөздөрүн, санжырасын көп билген, жаакта жок чечен болгон. Карыпка кайрымдуу, бечарага бел болгон, карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн. Анын чукугандай таамай айтылган курч сөздөрү, күлкүлүү жоруктары эл арасында ылакап катары айтылып келет.

1941-жылы өз айылында дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]