Өмүрканова Айнакан
Өмүрканова Айнакан Саймачы. 1932-ж. Жумгал районундагы Кызарт айылында төрөлгөн.
Орто билимдүү. Айнакандын айыл ичиндеги, төтөн колхоздошууга чейинки нукура салттуу кийиз, терме таарлары менен саймалары ага уздук татым берет. Ал туш кийиздеринен, көтөргөн ак өргөөсүндөгү ички-сырткы жасалгаларынан билинет. Уздун туш кийиздери алты-сегиз табакчадан турат да, шырдак оюмдарынан көчөт жаратат. Мында ар бир табакчанын пайда болгон «мүйүз көчөттөрүнүн» араларынан «жарым бадам оюму» көрүнүп, колтуктарына «куш оюму», «жагалмай канат оюму» түшөт. Табакча көчөттөрүнүн ак түстө болушу ачык маанайды билдирет. Айнакандын жээк көчөттөрүнүн ичинен байчечекей гүлүндөй өзөк жараткан илме саймалары абдан кооз көрүнөт. Капкалдырыгында борбордук көчөттөр, жээк көчөттөр жана ага түшүрүлгөн «суу» дал өзүндөй кайталанат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0