Мазмунга өтүү

Өмүрканова Айымбүбү

Википедия — ачык энциклопедия

Өмүрканова Айымбүбү Уз. 1934-ж. Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айылында төрөлгөн.

Өмүрдөшү, ат жабдыктарынын чебери Ишен Макеев экөө чарбада эмгектенишет. Ал кыз кезинен тартып кийиз буюмдарын, сайма өнөрүн үзбөй кармайт. Өз колу менен ондогон сеп даярдаган. Айымбүбү барыдан мурда шырдак жасоонун, ага көркөм оюм-чийимди сарысаптап, түрдүү түс менен айкалыштыруунун чебери. Мурда жалпы оюмдагы төр шырдактарды салттуу нукта кармап келсе, азыр аны менен катар түр, бир түрдүү шырдактарды бири-бирине кооштурбай, узга гана таандык маанай берүүчү үлгүлөрдү арбын жаратууда. Алсак, негизги оюм элементине ал «мүйүз оюмун» көңүлдүн борборуна, көңүлдүн чордонуна коёт. Ошондо төрт «мүйүз оюму» түр шырдакка жалпы оюм катары берилет. «Мүйүз оюмдун» үстүнөн да, астынан да «карга тырмак оюму» түшкөндө ичинен көбүнчө «кочкор мүйүз оюму» пайда болот. Уз «токол мүйүз оюмун» арбын колдонот. Айымбүбүнүн узчулугунда Ат-Башы, Нарын элинде арбын жасала турган аянттуу шырдактардын талалтагыдай оюм-чийим ыргактары жолугат. Мында уз «жээк оюм» менен ортолук оюмдун ортосундагы аламычты үзүл-кесилсиз, өзүнчө бычак учу чыгарбай туташ оюп, чеберчилигин көрсөтөт. Мында милте гана алардын араларын ачык бөлүп турат. Уздун кийиз буюмдарында «куш оюму», «жагалмай канат оюму» көбүнчө «жээк оюмунун» милдетин аткарат. Ал «жарым кыял оюмун» арбын алат. Бул бир гана өзүнө таандыктай сезилет. Көркөм үлгүлөргө түстөрдү колдонууда кызыл, көк өңдү ортолук оюмга шарттуу жупташтырат. Сары түстү кызыл менен жашыл өңдүн ортосун ачууда гана керектейт. Уз кыздарын өз өнөрүнө үндөгөн. Кызы Роза баш кийим бычып-тигет, курак курайт. Турганы сайма буюмдарын кармайт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0