Өмүрканов Ырысбек Калыкович
Өмүрканов Ырысбек Калыкович - [1. 8. 1954-жылы туулган, Ош облусу, Ленин району (азыркы ЖалалАбад облусу, Ноокен району), Кызыл-Туу кыштагы] экономист, экономика илимдеринин доктору (2004), профессор (2006). КМУну (1976), Москва экономика жана статистика институтунун аспирантурасын (1982) бүткөн. Эмгек жолун КМУда окутуучу болуп баштаган (1976-78). 1982-98-ж. КМУда доцент 1989-92-ж. окуу бөлүмүнүн башчысы. 1992-93-ж. декан жана окуу иштери боюнча биринчи проректор (1993-94), КРдин президентине караштуу Бишкек эл аралык менежмент жана бизнес мектебинде окуу иштери боюнча проректор (1994-2001), КМУда аккредитация, аттестация жана лицензиялоо маселелери боюнча проректор (2001-02), 2002-06-ж. Ж. Баласагуни атындагы КУУда магистратура, аспирантура жана улуттук билим берүү программалар борборунда директор, 200608-ж. ун-ттин ректору, 2008-жылдан КРСУда профессор ЮОдөн ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 7 монографиясы бар. Илимий эмгектери негизинен экономикадагы инвестицияларды статистикалык талдоого жана каржылоо, инвестиция булактарына арналган. Эмгектери: Методические рекомендации по применению корреляционно-регрессионного анализа в экономических исследованиях: Учебно-методическая разработка. Ф., 1986; Инвестиции к устойчивому экономическому росту Кыргызстана. Б., 2002; Кыргыз Республикасынын экономикасы. Б., 2007.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7