Сабира Өмүркулова

Википедия дан
Өмүркулова, Сабира‎»‎ барагынан багытталды)

Өмүркулова Сабира (5.1.1935, Нарын ш. —1.2. 1998, Бишкек ш.) — Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты (1980—90).

1958-ж. КМ Уну бүткөн. 1958—61-ж. Кыргызстан статистика башкармасында улук статист, 1961—67-ж. Кызыл-Кыя шаардык элге билим берүү бөлүмүндө инспектор, мектеп-интернатта окуу бөлүмүнүн башчысы, Ош педагогикалык окуу жайынын директору, 1967—71-ж. Ош облустук эл депутаттар советинин аткаруу комитетинин катчысы, 1971—81-ж. Кызыл-Кыя шаардык эл депутаттар советинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1981—87-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун катчысы, 1987—89-ж. Кыргыз ССР мамлекеттик кесиптик-техникалык билим берүү министринин орун басары болуп иштеген.

"Ардак Белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.