Өмүркул Кулумбаев

Википедия дан

Өмүркул Кулумбай уулу (1931-2010) Акын Өмүркул Кулумбаев 1931-жылы Ат-Башы районундагы Терек-Суу айылында финансы кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. 1940-жылы ушул эле айылдын толук эмес мектебинде окуп, 1950-жылы Кара-Суу орто мектебин "эң жакшы" деген баалар менен аяктаган. Билими орто. Алгачкы эмгек жолун Нарын шаардык типографиясында арип терүүчүлүк кесипте эмгектенүү менен баштаган. Тянь-Шань областтык аскер комиссариатында финансы администрация бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, кызматтык командировка мезгилинде 1961-жылдын 9-июнь күнү автомобилдик кырсыкка учурап, биринчи топтогу майып болуп калган. 1966-жылдан баштап колуна калем алып, поэзия дүйнөсүнө кадам койгон. 12 поэтикалык китептердин автору. Оорукчан болуп, төшөктө жатып калгандыгына байланыштуу мамлекеттик сыйлыктарды ала алган эмес. СССР Жазуучулар союзунун жана Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. Ат-Башы районунун ардактуу атуулу. Республикадагы "Жылдын мыкты адамы" наамынын ээси."Окурмандын китеп текчеси " сериясы 34-том