Өмөркулов Мырзапаяз

Википедия дан

Өмөркулов Мырзапаяз 1928-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган.

  • 1936-жылдан Октябрь кыштагындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы балдар үйүндө тарбияланып, биринчи жолу 1947-жылы Республикалык көркөм сүрөт көргөзмөсүнө катышат.
  • 1951-жылы Ташкенттеги көркөм-педагогикалык окуу жайын артыкчылык менен аяктап, 1952-жылы Ленинград шаарындагы И. Е. Репин атындагы көркөм институтунда окуусун улантат.
  • 1958-жылы СССР сүрөтчүлөр Союзуна мүчө болуп кабыл алынган.
  • 1978-жылы турмуш шартына байланыштуу Ошко көчүп келет.
  • 1984-жылы Кыргыз ССРнин маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, 1988-жылы Доцент наамы берилет.
  • 1989-жылы Ош педагогикалык институтунда, ИЗО I бөлүмүн ачып, “Сүрөт, черчения жана эмгек” кафедрасын жетектеп турат.
  • 1998-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
  • 40дан ашык эмгеги Москванын, Кыргызстандын музейлеринде сакталып турат.
  • 2006-жылы “Профессор” 2010-жылы “Кыргыз Эл Сүрөтчүсү” наамын алган.
  • Көптөгөн медалдардын, ардак грамоталардын ээси.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3