Өмөр Касмакунов

Википедия дан

Касмакунов Өмөр (1920, Ат-Башы району, Ак-Талаа айылы - 1994, ошол эле жер) - тогуз корголчу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген. машыктыргычы (1990).
Улуттук спорттун чебери. Орто Азия жана Казакстандын ондон ашык чемпиону. Тогуз корголду жайылтууга, жаштарды тарбиялоого көп эмгек сиңирген. Тогуз корголдон мектепке сабак берген. Ат-Башыда тогуз коргол боюнча жыл сайын анын ысмындагы эл аралык чемпионат өтөт.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.