Өндүрүштү топтоо

Википедия дан

Өндүрүштү топтоо — ири ишканалардьш көбөйүшү жанa аларда коом­дук ондүрүш каражаттарын, жумушчу күчүн жанa продукцияны улам арбыныраак жыйноо.

Өндүрүш менен каппталдын топтолушу—капитализмдин закону. Капитализмде өндүрүш негизинен капитал аркылуу топтолот. Өндүрүштү топтоо капиталды борбордоштурууну жанa топтоону ылдамдатат. Ири ишканалардын өндүрүштө, жүгүртүү чөйрөсүндө мүмкүндүктөрү кеңири, чакан ишканаларга Караганда пайда нормасы жогору болот. Империализмде монополиялык топтоо ишке ашып, экон. кубаттын басымдуусу ири монополияларга ыйгарыла баштайт. Алар капиталы арбыган сайын жумушчуларды эзүүнү күчөтүп, продукциясын сатууда аз чыгым тартып, жогорку пайда алууга умтулат.

Мамл. кызыктыруу Өндүрүштү топтоонун кубаттуу факторуна айланганда биригүүчү компаниялар маалымат атайын субси­дия жанa салык төлөөдө жеңилдик алат. Экономиканы милитаризациялоо монополиялык топтоону күчөтүүдө. Мамл. согуш заказдары негизинен ири өнөр жай компанияларына ыңгайлуу шартта берилет. Монополия­лык Өндүрүштү топтоого эл аралык конкуренция да жетишерлик көмөктөшөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.