Өндүрүш бирикмеси

Википедия дан

Өндүрүш бирикмеси, комби­нат— адистештирилген бирдиктүү өндүрүштүк-чарб. комплекс. Анын составына өз ара өндүрүштүк байланышы, борбордоштурулган көмөкчү жанa тейлөөчү өндүрүшү бар завод- фабрикалар, илимий изилдөө, конструктордук, технол. ж. б. уюмдар кирет.

Өндүрүш бирикмеси 1960-жылдары фирма түрүндө, көбүнчө башкы ишканага баш ийип, өз ара өндүрүштүк байланышы бар бир өңчөй продукция чыгаруучу майда ишканалар базасында түзүлгөн. Илимий-техникалык революция жагдайында жанa про­дукция чыгаруу көлөмүнүн көбөйүш шартында ар кыл продуктуларды (нерселерди) өндүрүү ишин айрым ишканаларда топтоштуруу зарылдыгы келип чыккан. Бул жогорку өндүрүмдүү техниканы жана коомдук өндүрүштүн экон. натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Өндүрүш бирикмеси өзгөчө өнөр жайда кеңири тараган (мис., КамАЗ, ЗИЛ, «Луч» бирикмелери). Өндүрүш бирикмесинин иши чарб. эсеп-кысапка негизделген. Өндүрүш бирикмесин ген. директор же директор жетектейт. Соц. өлкөлөрдүн өнөр жайындагы Өндүрүш бирикмесинин башкы принциптери советтик практикага негизделген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.