Өндүрүш гимнастикасы

Википедия дан

Өндүрүш гимнастикасы - адамдын ишке жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ден соолугун чыңдоо, чарчоону алдын алуу максатында иш күнүнүн режимине киргизилген физкультуралык көнүгүүлөр.

Ал эмгек процессине жараша түзүлөт. Өндүрүш гимнастикасынын 2 т­үрү бар; адамдарды күнүнө даярдоочу гимнастика жанa физкультура паузасы (активдүү эс алуу).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.