Өнөкөт мастык
Көрүнүш
Өнөкөт мастык – демейки мас болуудан сапаттык жагынан айырмаланган илдеттүү абал, (көбүнесе) аракты көп ичкенден улам болот. Мастыктын бул түрү психиатрияда акыл-эстик оорулардын бир түрү (аларга жин уруу, алкоголдук көзгө көрүнүү, алкоголдук кулагына угулуу ж. б. кирет) катары каралат. Айтылгандай акыл-эстен адашуулардын учурунда коркунучтуу аракеттерди жасоо кылмыш-жаза жоопкерчилигине кириптер кылбайт, анткени, ал адам өз аракеттерине жооп бере албаган катары таанылат да, ага карата жаза ордуна медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7