Өнөр жай роботу

Википедия дан

Өнөр жай роботу — өндүрүш процессинде адам эмгегин алмаштыруучу программалуу же дистанциялык (пульт аркылуу) башкарылуучу түзүлүш (машина). Адамдын ордуна оор, өмүргө кооптуу же бат чарчата турган жумуштарды аткара турган машинаны жасоо аракети 18-19к-да эле башталган. Бирок, алар өтө одоно жасалып, мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон. 20-кылымдын башында чех жазуучусу К. Чапек «робот» мех. адам деген сөздү киргизген. Алгачкы роботтор адамга сырткы келбети окшош болуп, алардын кыймылдарын туурап, көбүнчө көңүл ачуу багытында колдонулган. Азыркы Өнөр жай роботунун көпчүлүгү робот манипулятор. Алардын мех. колдору — адамдын, анын колунун кыймылын тууроо үчүн ар түрдүү кармоочу шаймандар менен жабдылган. Анын колдорунан башка, микропроцессордун базасында программалык башкаруу түзүлүшү бар. Робот-манипуляторлор өнөр жайда көптөгөн технологиялык процесстерди автоматташтырууда, ар кандай буюмдарды конвейердик чогултууда (автомобилдерден баштап, микросхемаларга чейин), ширетүү, сырдоо, уруп-согуу, көзөө жумушунда, оор жүктү жылдырууда ж. б. колдонулат. Айрыкча робот-манипуляторлор зыяндуу химиялык заттар менен иштөөдө, жарыЛУУЧУ заттарды зыянсыздандырууда, радиациясы жогору жана жетүүгө кыйын жерлерде (деңиз тереңдигинде, космос аппаратында, орбиталык станцияларда) колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]