Өнөр жай уусу

Википедия дан

Өнөр жай ууусу - өндүрүштө колдонулуучу хим. уу заттар. Эмгек жана техника эрежелерин сактабаса алар менен уулануу мүмкүн.

Кээ бир технол. процесстерде хим. заттар абаны булгайт, мис., айнек пластик, синтет. чайыр, пластмасса өндүрүүдө толуол, анилин, стирол ж. б. синтет. зат­тар атмосферага чыгат; фармацевттик өнөр жайда метионин аминокислотасын алууда аммиак, циандуу жана күкүрт орг. бирикмелер организмге таасир этет.

Өнөр жай уусу рак оорусуна дуушар кылары белгилүү. Коргошун, сымап, ар түрдүү хлор жана фосфор орг. бирикмелер адамдын ген аппаратын бузгандыктан анын тукумуна зыян келтирүүсү мүмкүн. Уулануудан сактануу үчүн түрдүү химикаттар менен иштөөчүлөрдүн жумуш убактысы башка өндүрүштөргө Караган­да кыскараак, эс алуусу узагыраак болуп, зыяндуу цехтерде иштегендер өзүнчө атанын кийим, противогаз, дарылар менен камсыздандырылат.

Өнөр жай уусу бар өндүрүштө иштегендер врачтын диспансердик байкоосунда болушат. Ар бир химикаттын өзүнчө санитариялык нормативи болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.