Өпкө-Тоо (тоо)

Википедия дан

Өпкө-Тоо (тоо) - Алай жана Кичи Алай тоолорунун ашташкан жеринде. Мурдаш жана Гүлчө өрөөндөрүнүн ортосунан орун алган. Эң бийик жери 3800 м (Өпкө чокусу). Кырына альп рельефи мүнөздүү. Капталдары терең капчыгай, коктуколоттуу. Чыгыш капталы тик, батышы жантайыңкы. Байыркы муз каптоонун издери (морена, чуңкурдук, тайпак жондор ж. б.) кездешет. Негизинен палеозойдун акиташ, сланец, гранит жана мрамор тектеринен турат. Түндүк бөлүгүндө чакан мөңгүлөр кездешет. Өпкө-Тоо Гүлчө жана Алай өрөөндөрүнүн аралыгындагы маанилүү климаттык тоскоол. Ак-Төр-Жошолу (түн.), Бүлөлү (чыгыш) жана Өпкө-Талдык (түштүк) багыттары нымдуу аба массасына айдарым жаткандыктан, жаан-чачын арбын (450 ммте чейин), ал эми аба агымынан ыктоо Бүлөлүдөн Талдыкка чейинки аралыкта аз (200 ммге чейин) түшөт. Жарым чөл, кургак талаа жана талаа, шалбаалуу талаа (2500-3000 м), субальп, альп шалбаасы (3000 лгден жогору), чыгыш капталына токойлуу талаа (2800-3000 м) ландшафттары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]