Өспүрүм оюндары

Википедия дан

"Жерде дөбө, иттен пас" оюну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Оюн дөңсөөчөлүү түздүктө же атайын дөңсөөчө жасалган тегиз жерде ойнолот. Оюнга 7-13 жаштагы 20-26 оюнчу катышат.
Калыс оюнчуларды чогултуп “жерде дөбө, иттен пас”,-деп тез айтат. Анда чогулган оюнчулар калыстын сөзүн угар замат дөңсөөчөгө чуркап чыгып туруп калышат. Оюнчулардын ичинен дөңсөөчөгө оюнчулар менен бир убакта чыга албай калгандары оюнчуларга кароол болуп четте туруп калат да ырдап, бийлеп же башка тапшырманы аткарат. Ошентип оюн улантыла берет.

"Балык, жаныбар, куш" оюну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн тегиз жерде ойнолот. Оюнга 5-8 жаштагы 15-20 оюнчу жашына жараша топко бөлүнүп катышат. Оюнчулар тегиз жерге олтурушат. Калыс шайланып, ал отурган оюнчулардын алдынан “балык, жаныбар, куш...” деген сөздөрдү кайталап айтып өтөт да, күтүлбөгөн жерден бир оюнчунун алдына “куш!” - деп үнүн бийик чыгарып токтой калат. Анда ал оюнчу бир куштун атын тез айтышы керек. Эгер ал оюнчу буйдалып, шашкалактап, тиешелүү атты таба албай жаңылса оюнчуларга ырдап же бийлеп берет. Оюн ушул тартипте улантыла берет.

"Борбор шаар" оюну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз жаштарынын жаңы оюндарынын бири. Оюнду бардык жерди ойноого болот. Оюнга 7-14 жаштагы 10-15 оюнчу катышат. Калыс оюнду баштап мамлекеттин, республиканын, же областтын борбору болгон бир шаарды айтат. Мисалы, Москва дейт. Калган оюнчулар кезек менен айтылган шаардын акыркы тамгасын баш тамга кылып, башка шаарды атайт. Мисалы, калыстан кийинки оюнчу Алматы. Үчүнчүсү анын акыркы тамгасы менен башталган бир борбордун атын айтат. Мисалы, Анкара. Ошентип, оюн ойноло берет. Шаардын атын тез таба албай буйдалган же тууру айта албаган оюнчу оюндан чыгат. Оюндун акырында калган оюнчу калыс болот. Ошентип, оюн улантыла берет.Оюн эки тарап да болуп ойнолот.

"Таш ыргытмай" оюну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Kыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Оюн ар кандай жерде ойнолот. Оюнга 6–17 жаштагы оюнчулар жашына жараша топтолуп катышат. Оюнга катышуучулардын саны чектелбейт. Оюнчулар өздөрүнөн оюнга калыс шайлашат. Калыс оюнчуларды таш ыргытуу жөндөмдүулүктөрүнө жараша экиге бөлөт. Эки жааттан бирден оюнчуну ортого чыгарып таяк кармаштырат. Таяк кармоодо кайсы оюнчу жеңсе ошол жаат оюнду баштайт. Ташты ыргытуучу жана ыргыткан таш түшүүчү жер белгиленет. Таш түшүүчү жерге белгилүү таш коюп койсо да болот. Оюн башталганда оюнчулар катар тизилип туруп, таш ыргытуучу жерден таш ыргытышат. Калыс оюнчунун ыргыткан ташы белгиленген жерге же коюлган ташка тийгендигин байкап эсебин алып турат. Оюндун жүрүшүндө кайсы оюнчунун ыргыткан ташы бардык оюнчулардын ыргыткан ташынан алыс түшсө же белгиленген ташка тийсе, ага бир упай берилет. Ошентип, оюн оюнчулардын, жааттардын кезектешүүсү менен жүргүзүлөт. Оюндун акырында кайсы жааттын упайы көп болсо ошол жаат утат.

"Салмоор" оюну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыздын эң байыркы оюндарынын бири. Салмоор таш аскер куралы катары колдонулган. ”Манас” эпосундагы:
Тамандан учкан таштары,
Салмоор менен ургандай, - деген ыр саптары салмоордун курал болгондугун далилдейт.
Оюн тегиз жерде ойнолот. Оюнга 10-17 жаштагы 25-30 оюнчу жашына жараша топтолушуп катышышат. Оюнчулар өздөрүнөн оюнга калыс шайлашат. Калыста салмоор болот. Салмоор көбүнчө тегерек таштан даярдалат. Салмоордун салмагы оюнга катышуучулардын жаштарына ылайык келип, оюнчулардын ыргытууга күчү жеткендей салмакта болууга тийиш. Салмоордун көлөмүнө ылайык булгаарыдан салмоор салгыч жасалып, анын эки жагына бир метрге чейинки узундуктагы чыйратылган жип байланат. Жиптин бир жагы илмек жасалып колго оролот. Экинчи жагын жиптин биринчи жагы менен кошо кармап, оюнчу салмоорду башынан айлантып туруп салмоор салгычтагы ташты ыргытат.
Салмоор ыргытуу боюнча мелдеш уюштурулат. Калыс оюнчуларды эки топко бөлөт. Салмоорду ыргытуучу, салмоор түшүүчү, оюнчулар турчу жер белгиленет. Салмоор ыргытуучу жер менен оюнчулар туруучу жердин аралыгы 50–60 метр болот. Калыс топ башчыларына таяк кармаштырат. Жеңгени оюнду баштайт. Биринчи топ салмоорду ыргытып бүткөндөн кийин кезек экинчи топко келет. Калыс салмоор ыргыткан жер менен түшкөн жердин аралыгын ченеп жазып турат. Оюндун акырында оюндун жыйынтыгы чыгарылат. Кайсы оюнчу же топ салмоорду алыс ыргытса ошол оюнчу же топ утат. Карап турган оюнчулар өтө этият болуулары керек.

"Чурни" оюну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз эл оюну. Оюн тегиз жерде, мектептин спорт аянтчасында ойнолот. Оюнга 5-13 жаштагы 10-15 оюнчу катышат. Калыс шайланат. Калыс оюнду баштоого белги берет. Бардык оюнчулар топтолушушуп, бир оюнчу алаканын жаят. Калган оюнчулардын бардыгы сөөмөйлөрүн жайылган алаканга тийгизишет. Алаканын жайган оюнчу “ата, апа баары бар”, - деп колун тез жумат. Колун жумганда оюнчулар сөөмөйлөрүн шак тартып алып качышат. Биринин да сөөмөйүн кармай албаса оюн кайталанат. Алаканын жайган оюнчу кайсы оюнчунун сөөмөйүн кармап алса, ал оюнчу качкан оюнчулардын бирөөнү кармап келүүгө тийиш. Оюнчу качкан оюнчулардын бирин белгилүү убакытта кармап келе албаса ырдап, бийлеп берет. Эгер качкан оюнчулардын бирин кармап келсе, ошол кармалган оюнчу ырдап, бийлейт же калыстын башка тапшырмасын аткарат. Андан кийин оюн кайрадан башталат.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Токторбаев Саты. “Өспүрүмдөр оюндары”