Өсүмдүкдүн көбөйүү жолдору

Википедия дан
Орхидея гүлү.
Telekia speciosa.

[[Адамдар] да Сука сыяктуу эле жыныс жана жыныссыз жолдор менен көбөйөт. Өсүмдүктүн жыныссыз көбөйүүсүндө токсон органдары (тамыр, сабак, бүчүр, жалбырак) жана камбийлер катышат. Мындай жол менен бир жана аз клеткалуу өсүмдүктөр көбөйө алышат.

Спорофиттик көбөйүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаңчанын өөрчүсү.
Спорофиттик көбөйүү.

Спорофиттик өсүмдүк көбөйүүдө споралар пайда кылат. Спорофиттердин уруктанбай көбөйүүчү органдарында спорангиялар, аларда мейоздук бөлүнүүдө гаплоиддик споралар пайда болот. Споралардан өсүмдүк-гаметафит өсүп чыгат. Андан кийин гаметалар көп клеткалуулардын жыныс мүчөсүндө, жумуртка клеткалары-архегонийде, бел суусу (сперматозоиддер) болсо баштык сымал-антериидинде өсүп чыгат. Гаметафит эки жыныстуу болушу мүмкүн, башкача айтканда эркектик (антеридий) жана ургаачылык жыныс мүчөлөрдү (архегоний) алып жүрөт. Уруктанып көбөйүүдө зигота пайда болот, андан спорофит өөрчүйт. Өөрчүү баскычында спорофит диплоиддик абалда болот.

Бул организмдердин өсүүсүнүн мейоздук баскычында гаплоиддик клеткалар-микроспоралар жана мегаспоралар, алардан эркектик (чаңча) жана ургаачылык (түйүлдүк баштыкчасы), гаплоиддик гаметофит пайда болот. Өсүүдө эркектик жана ургаачылык жыныс клеткалары жетилет (бел суусу жана жумуртка клеткалары кыймылсыз болот). Татаал түзүлүштү өсүмдүктөрдө эркектик жана ургаачылык гаметалар өрчүүчү органдары (антеридий жана архегоний) жок.

Микроспорогенездик өрчүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлдүү өсүмдүктө микроспорогенездик өрчүүдө микроспоралар жаралат. Микроспорангийлер аталык чаңчалардын чуңкурчаларында өөрчүйт. Ошол эле жерде жайгашкан диплоиддик энелик клеткалары мейоз жолу менен бөлүнүп, 4 энелик гаплоиддик микроспоралар пайда болот. Алардын ар бири нык цитоплазманы жана ири ядрону кармап турат. Микроспоралар чаңчалардын ичинен өсүп чыгат. Ошол учурда митоздук бөлүнүүнүн натыйжасында, жыныс жана вегетативдик жол менен көбөйүчү клеткалар өсөт.

Кош уруктануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өсүмдүкдүн кош уруктануусун 1898-ж. орус окумуштуусу С.Г.Новашин ачкан. Гүлдүү өсүмдүктө мындай жол менен көбөйүүнүн алдында бир топ өзгөрүүлөр жүрөт. Гүлдүн аталыгынын капчыкчасында өрчүгөн чаңчасы жетилип, шамал, курт-кумурскалар аркылуу мейкиндикте тарайт, же ошол эле гүлдөгү энелик чаң алгычы менен чаңдашат.

Гүлдүү өсүмдүктө кандай гана болбосун, өзү менен өзү же кайчылаш чаңдашуу жүрөт. Чаңча гүлдүн энелик чаң алгычына түшүп чаңча өсө баштайт, вегетативдик клеткадан гүл чаң алгыч түтүкчөсү өсүп чыгат. Бел суусу аталык түтүкчөсү аркылуу мөмө байлагыч энелик түтүкчөсүнө кирет. Мөмө байлагыч гүлдө жайгашкан урук үлүшүнөн түйүлдүк баштыгы жаралат. Мындан ургаачы жыныс муунду өөрчүйт. Уруктануунун натыйжасында сегиз ядролуу клетка өрчүп чыгат. Ар бир уюлда 4 ядро жайгашат. Эки уюлдагы 8 ядронун бирден ядросу кошулуп, борбордук ядрону пайда кылат.

Жумуртка жана эки ажырагыс ургаачы клеткалары жогорку жана төмөнкү уюлдарга 3 клеткадан бөлүнүшүп антиподдорду пайда кылат. Эки бел суу чаң түтүкчөсү аркылуу түйүлдүк баштыкчасына кирип, андан чыккандан кийин бирөө жумуртка менен кошулуп зиготаны пайда кылат. Экинчи бел суусу борбордук ядролор менен кошулушуп үч плоиддик клеткадан-үч-плоиддик уруктун эндоспермасы (3n)дагы синергинд менен антиподдун клеткалары жок болуп кетет. Гүл Ошентип, ал бир нерсе менен үстүн жабып экенин камсыз кылуу зарыл, жарык абдан жакшы болот. Жарык жетиштүү эмес экенин биринчи белгиси, кара-жашыл жалбырактары болуп саналат. Сергек отургузса тунук, жаркыраган жалбырактары бар. Көп жарык болсо, алар сары бурулуп, куурап баштайт.[1]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Oрхидейлердин - таанымал үй үүнээйи, өзгөчөлүктөрү жана түрлөрү.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. "Биология" энциклопедиялык окуу куралы. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4

Темирлан Айчы