Өсүмдүктүн кышка чыдамдуулугу

Википедия дан

Өсүмдүктүн кышка чыдамдуулугу - өсүмдүктүн кыштын жагымсыз шартына туруштук берүү жөндөмдүүлүгү. Өсүмдүк мындай сапатка чыдамкайлануу мезгилинде ээ болот. Ө. к. ч. кыш түшөрдө өсүмдүктүн чыңалышына, анда кант жана башка азыктардын жетиштүү топтолушуна, алардын үнөмдүү керектелишине жана мите козу карын илдетинен сакталышына жараша болот. Өсүмдүктүн жергиликтүү түрү жана сорту ошол аймактагы метерологиялык шартка ылайыкташкан. КМШдагы кышка чыдамдуу өсүмдүктөр: күздүк буудай (-25оС суукка туруштук берет) жана башка Ө. к. ч-гуна анын тукум куума касиеттерин өзгөртүү аркылуу жетишүүгө болот. Селекция ишинде бул боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, кышка чыдамдуу бир катар өсүмдүк сорттору чыгарылган. Бирок ал жетишкендиктер али да болсо практикалык талапка толук жооп бербейт. Ө. к. ч-на анын тукум куума касиеттеринен тышкары төмөндөгүдөй факторлор таасир этет: өсүмдүктүн жай мезгилинде өсүп, өрчүү шарты; анын туура жергиликтүү шартка жараша райондоштурулушу; өсүмдүк өстүрүүдөгү агротехникалык иштердин туура жүргүзүлүшү; ар кандай илдет менен зыянкечтерге каршы күрөшүү жана башка

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]